Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:33

Франция күжүрмөн даярдыктын төртүнчү деңгээлинде жашоодо


Ырасмий Париждин маалымдашынча, ислам террорчулары Европага, айрыкча Францияга кол салышы мүмкүн экенин Сауд Арабиясы эскерткен. Франциянын ички иштер министри Брис Ортефе жекшемби күнү француз телерадиосунан сүйлөп, “ал-Каиданын” Арабия жарым аралындагы бөлүмү “Европада, Францияда өзгөчө террордук чабуулдарды уюштурганы же пландап жатканын” Саудия эскерткенин билдирди. Ортефе Франциянын коопсуздук күчтөрү күжүрмөн даярдыктын эң жогорку деңгээлинен бир баскыч төмөн, же төртүнчү даражасында турганын кошумчалады. Өткөн айда “ал-Каида” Европада террордук чабуулдарды уюштурат деген маалымат кармалгандан бери Париждин Эйфель мунарасы, Нотр Дам чиркөөсү сыяктуу туристтер көп барчу жайларын күзөтүү күчөтүлгөн.

XS
SM
MD
LG