Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:14

Орусияда эл каттоо жүрүп жатат


Орусияда 14-октябрда башталган эл каттоо 25-октябрга дейре жүрөт. Эл каттоо учурунда «улуту» деген суроого жооп алууда талаш-тартыштар чыгууда.

Азыр жүрүп аткан эл каттоо жыйынтыгы бир нече аптадан соң чыгат. Буга дейре белгилүү 142 миллион орусиялыктар ошончо деле көбөйүп кетпейт. Болгону гана мамлекет эл каттоо жыйынтыгын бетке кармап “жоголуу” жолуна түшкөн эл деген аныктамадан чыгат. Бийлик чечмелеген түшүнүктө эл каттоо – өлкөдө канча киши жашайт тактайт. Эне тилинде сүйлөгөндөр канча, аны тактайт. Өзүн кайсы элдин тукуму экенин өз оозунан угуп жазып, кишилердин улутун тактайт.

Эксперттер баасында бул мамлекеттик башкаруунун ажырагыс бөлүгү. Салык салуудан тартып, пенсияга акча ажыратуу, армиясын өнүктүрүү, эмгектенүү үчүн канча жумуш орун ачуу, саламаттыкты сактоого дейре калктын жалпы саны керек. Дагы бир керектүү жагы - өлкөдө канча киши жашыруун жүрөт, канча киши мигрант, канча селсаяк бар - тактоо.

Суроолор ичинен улутун тактоого тийешеси бар кеп тегерегинде кыйла талаштар чыгууда. Маселен, Орол тоодон Ыраакы Чыгышка дейре жаткан жерлердеги орустар өздөрүн “сибиряк” деп жаздырып атканы интернет аркалуу келди. Ставропол крайында казактар да өз улутун орус деп жаздырууга каршы чыккан. Журналист Лилия Пальвелова айтканга караганда, өзүнүн орус экендигинен казактар баш тартышууда. "Каныбыз башка эл болобуз" дешкен.

Андай, орус эмесмин дегендерди «башкалар» деген тизмеге алуу болорун Орусия федералдык мамлекеттик статистика кызматынын жетекчиси Александр Суринов айтты. Каттоочу сүйлөшкөн кишинин оозунан кандай жооп чыкса, так ошону кагазга түшүрүү парз. Жооп бербей койсо да аны ошондой болду деген тизме бар, ошол жерге жазып коюу керек.

А.Суринов мырза: "Орусиянын Баш мыйзамы Сибирде болсун, Маскөөдө болсун бирдей укук берет, киши өз улутун өзү айашы керек",-деп айтты.

Өлкөдө мамлекет уюткусу болчу экинчи эл татарлар. Анын жүз жылдан ашуун убак элинин саны канча экенин тактай албай келатышын укук коргоочу Халида Хамидуллина айтты. 90-жылдары эл каттоо жүргүзүүгө катышып көзү менен көргөн мисалдарды келтирип, элдин санын адилет көрсөтүү кыйла түйшүк болорун айтат:

- Эгерде шаарда 62 миң татар бар деп эле жазылганда, анда мыйзам негизинде ал элдин улуттук тилин, маданиятын өнүктүрүү керек, маалымат каражатарын ачуу керек болот, анын баары ортолук бүжеттен сөгүлүү керек. Ага эч ким барбайт.

Ошол себептен эл каттоолор жыйынтыгында 80-87 пайызы орус улутунда деп жазылышы турулуу көрүнүш деген пикир айтты. Орусияда мурунку эл каттоо мындан 8 жыл мурда өткөн. Ал жолу 1926-жылкы өткөн эл каттоодогу жыйынтык кайталанып, 142 миллион киши жашап атканы айтылган.

XS
SM
MD
LG