Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:57

Ооганстан боюнча талкууга Ирандын өкүлү да катышты


Римдеги жолугушуунун алдынан АКШнын Ооганстандагы жана Пакистандагы өкүлү Ричард Холбрук ал сүйлөшүүгө Иран катышышына расмий Вашингтон каршы эмес экенин айткан. Ошентип, ага алгачкы жолу Иран да кирди. Бул талкууга ооган өкмөтүнөн сырткары, Бириккен улуттар уюмунун, Евробиримдиктин, АКШнын жана башка мамлекеттердин өкүлдөрү чогулушту. Анда тогуз жылга созулган согушту токтотуунун жолдору, эл аралык коомчулуктун жардамы тууралуу сөз болду. Холбрук: “Иран Ооганстандын коңшусу катары өзүнүн милдетин аткарышы керек”, - деди. Бирок бул ирет Тегерандын ядролук программасы тууралуу сүйлөшпөй тургандыктарын кошумчалаган.

XS
SM
MD
LG