Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:03

Түштүктөгү адвокаттардын абалын өкмөттүк топ иликтейт


Ош жана Жалал-Абад облустарындагы коогалаң боюнча козголгон кылмыш иштери боюнча өзбек тектүү жарандардын адвокаттары аларга кол салуулар, коркутуулар болуп атканын айтышууда. Буга байланыштуу бир катар жергиликтүү жана эл аралык уюмдар тынчсызданууларын билдиришкен. Ушул себептен улам вице-премьер-министр Азимбек Бекназаров башындагы Жогорку Соттун судьяларынан, президенттин администрациясындагы тиешелүү адистеринен турган топ Ош шаарына жөнөп кетишти. Алар окуяны жеринде териштирип, чындап эле адвокаттарга куугунтук болгон-болбогонун аныктоо иштерин жүргүзүшмөкчү. (IJz)

XS
SM
MD
LG