Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:17

Таласта мурдагы бийликте иштегендерге каршы митинг өтүүдө


Талас облустук мамлекеттик администрациясынын алдында жүздөн ашуун адам нааразычылык акциясына чыгып, “мурдагы президент Курманбек Бакиев менен иштегендердин бийликке келүүсүнө каршыбыз” деген маанайдагы кыйкырыктарды салышууда.

"Социал-демократтар, "Ата Мекен", "Республика" партиялары бириксин", "акжолчулардын" кайра такка келе башташына эл нааразы” деген сыяктуу талаптар менен чогулгандар облус губернатору Койсун Курманалиевага кайрылышты. Чогулгандар "Ата Мекен", "Замандаш" партияларынын жана "Манас урпактары" сыяктуу кыймылдардын өкүлдөрү. "Ата Мекен" партиясынын Талас облусу боюнча координатору Талас Кыдыралиевдин айтымында, ушундай эле нааразычылык эртең да уланат. (UA)

XS
SM
MD
LG