Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:05

Франция, Германия Россияны эпке келтирүүгө аракет кылат


Германия, Россия жана Франциянын лидерлеринин Довиль шаарында өтүп жаткан сүйлөшүүсүндө мүмкүн болчу коркунучтарга каршы кызматташуу маселеси талкууланат деп болжолдонууда. Франциянын түндүк жээгиндеги үч күндүк жыйын эртең аяктайт.

Германия канцлери Ангела Меркел дүйшөмбү күнү НАТО-Россия арасындагы кызматташуу кеңейтилиши мүмкүн экенин билдирген:

- Анын негизинде, 21 кылымдын коркунучуна каршы кызматташуу мүмкүнчүлүгүнө жол табабыз. Алдын ала маселе кандай чечилерин айта албайм. Бирок биз өз ара ишенимге жетишип, 21 кылымдын коркунучу келгенде баарыбыз бир кайыкта отурарыбыз анык деп ойлойм.

Кабарчылардын билдиришинче, Германия менен Франциянын лидерлери НАТОго мүчө өлкөлөрдү калкалачу ракета системасы боюнча Россия президенти менен мунаса табууга аракет кылышат сыягы. Бул система НАТО өлкөлөрүн Иран сыяктуу өлкөлөрдүн капылет ракета чабуулунан коргоого тийиш. Москва башынан эле АКШ демилгечиси болгон анти-ракеталык калканчка каршы.

XS
SM
MD
LG