Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:32

7-апрель ыңкылабын коргоп чыккандардын митинги аяктады


Борбордук аянтта эртең менентен бери митинг өткөрүп аткан “Мекен шейиттери” жана “Айкөл Ала-Тоо” кыймылынын митинги соңуна чыкты. Кыймылдын өкүлдөрү “Азаттыкка” билдигендей, алар нааразылык акцияларын эртең улантышат. “Азаттыктын” кабарчылары окуя болгон жерден билдиришкендей, ыңкылапты коргоп калабыз дегендердин митингисине 1500 чамалуу адам катышты.

Айта кетсек, аталган кыймылдар 10-октябрдагы шайлоонун жыйынтыктарын жокко чыгарууну, люстрация мыйзамын кабыл алууну жана анын негизинде Бакиевдин бийлигин бекемдөөгө салым кошкондорду бийликке жолотпоону талап кылышууда. Нааразы болгондордун айтымында, “Ата-Журт” партиясынын тизмесинде мурдагы бийликтин жакын адамдары көп экендиги капа кылууда.

Ал эми “Ата-Журт” партиясынын лидерлери тизмесин тазалоого киришти. Кечээ эле партиянын тизмесинде он үчүнчү болуп катталган мурдагы премьер-министр Данияр Үсөновдун жубайы Динара Исаева чыгарылды. Анын күйөөсүнө өтө оор айыптар тагылып, ага эл аралык издөө жарыяланган. (IJz)

XS
SM
MD
LG