Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:33

Президент Р.Отунбаева айрым партия лидерлери менен жолугушту


Бүгүн президент Роза Отунбаева шайлоодо беш пайыздык чектен өтүшкөн партиялардын лидерлери менен жолугушту. Президент менен жолугушууга “Ата Мекен” партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев, “Республика” партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов, “Ар-Намыстын” жетекчиси Феликс Кулов жана “Ата Журт” партиясынын лидерлеринин бири Камчыбек Ташиев келишти. Социал-демократтардын жетекчиси Алмазбек Атамбаев жолугушууга келбей калган. Булардан тышкары партия жетекчилери менен сүйлөшүүгө Борбордук шайлоо комиссиясынын жетекчиси Акылбек Сариев жана президенттин администрациясынын башчысы Эмил Каптагаев катышты.

Президенттин маалымат катчысы Султан Каназаров “Азаттыкка” билдиргендей, президент Р.Отунбаева өз сөзүндө тышкы жана ички каршылыктарга карабастан баш мыйзамга өзгөрүүлөр киргенин, андан соң парламенттик шайлоо белгиленип, ал таза жана административдик ресурстарды колдонуусуз өткөнүн айткан. БШК төрагасы Акылбек Сариев болсо “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын маселеси шайлоо протоколдорун салыштыруу, тактоо иштери бүткөндөн кийин гана билинерин билдирген. Коалиция түзүү маселеси тууралуу сөз болгонун президенттин маалымат кызматы тастыктаган жок. (IJz)

XS
SM
MD
LG