Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:59

Президент Медведев НАТОнун Лиссабон саммитине катышат


Россия президенти Дмитрий Медведев НАТО альянсынын 19-20-ноябрда Лиссабондо болчу жыйынына катышат. Ал өз макулдугун Германия жана Франциянын лидерлери менен француздардын Довиль шаарында аяктаган сүйлөшүүсүндө берди. Медведев ошондой эле Россия НАТОнун АКШ баштаган анти-ракеталык системасына кошулуу сунушун ойлонуп көрөрүн айтты:

-Биз азыр сунушту карап жатабыз. Бирок НАТО өзү да Россияны бул системага кошуп алуунун жөнүн, анын натыйжасы кандай болорун жана келечекте биз менен кандай иштешээрин так билиши зарыл. Европаны ракетадан коргоо системасына кошулуу боюнча өз жообубузду НАТОнун сунушун карап көргөндөн кийин гана айтабыз.

Бул система, АКШнын түшүндүрүшүнчө, НАТОнун мүчөлөрүн Иран же Түндүк Корея сыяктуу өлкөлөрдүн капылет ракета чабуулунан коргоого тийиш. Москва башынан эле АКШ демилгечиси болгон анти-ракеталык калканчка каршы.

НАТОнун башкатчысы Андерс Фог Расмуссен Медведевдин Лиссабон саммитине катышууга макулдук бергенин оң баалады.

XS
SM
MD
LG