Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Март, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:51

Британиянын мурдагы премьер-министри Маргарет Тетчер ооруканага жаткырылды

Анын маалымат кызматы Тетчер сасык тумоо менен Лондондогу ооруканага жаткырылганын кабарлады. Азыркы премьер-министр Дэвид Камерон “Тетчер тез арада сакайып кетишин” каалады, бирок анын абалы тууралуу башка кабар айткан жок. Жакында, 13-октябрда, Маргарет Тетчер 85 жашка чыккан. Ал буга чейин бир нече ирет микроинсульт менен ооруканага жатканы белгилүү. Тетчер Британ өкмөтүн 1979-жылдан 1990-жылга чейин башкарып турду.
XS
SM
MD
LG