Бул тууралуу президент Роза Отунбаева кечээ Улуттук көркөм академияда билдирди. Аталган окуу жайдын тарбиялануучуларынын эмгектери өтө чоң таасир калтырганын, өз чыгармаларын эл аралык деңгээлге алып чыга алган таланттуу өспүрүмдөр көп экенин айтты. Чет өлкөдөн билим алуу үчүн эң шыктуу, таланттуу окуучулардын тизмесин даярдоону окуу жай жетекчилигине тапшырды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады. (EBM)