Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:46

БШК протоколдорду салыштырып, арыздарды карап жатат


Бул тууралуу БШКнын төрагасы Акылбек Сариев 19-октябрда президент Роза Отунбаеванын шайлоодо жеңген партия лидерлери менен жолугушуусунда билдирди. Арыздардан улам негизги жана кошумча тизмелер такталып, айрым протоколдор “Шайлоо” мамлекеттик автоматташтырылган системадагы маалымат менен салыштырылып жатканын айтты. "Андан кийин айрым күмөн туудурган шайлоо участкаларда добуштар кайра эсептелет", дейт А. Сариев.

Азыр “Бүтүн Кыргызстан” партиясы кошумча тизменин негизинде 5 пайыз чек кескин жогорулап кеткенин айтып, БШКга нааразы болуп жатат. Добуш берүүнүн жыйынтыгын “Мекен шейиттери”, “7-апрель” кыймылдары жокко чыгарууну талап кылышууда. Алар шайлоодо жеңген “Ата-Журт” партиясынын тизмесинде мурунку бийликке жакын адамдардын болушуна нааразы. (EBM)

XS
SM
MD
LG