Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:30

Санжар Бакиевдин соту кийинки аптага жылды


Бул тууралуу С. Бакиевдин коомдук коргоочусу Бүайша Арстанбекова “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, сот жараяны күбөлөрдүн Жалал-Абаддан келип жетишпей калганына байланыштуу 26-октябрга жылдырылды.

Мурда кабарлангандай Санжар Бакиев баштаган беш айыпталуучунун иши Бишкек шаардык аскер гарнизондук сотунда каралууда. Аларга 14-майда Жалал-Абад облусунда "башаламандык уюштурган", "мыйзамсыз курал алып жүргөн" жана "бийликти тартып алууга аракет кылган" деген айыптар тагылган. Санжар Бакиев мурдагы президент Курманбек Бакиевдин бир тууганы Жусуп Бакиевдин уулу. С.Бакиев менен кошо Акмат Бакиевдин жансакчысы Мирлан Ахмедов, ошондой эле Бектурсун Келдибеков, Замир Нуруев, Базарбай Арзыкулов да соттолуп жатат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG