Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:55

"Бүтүн Кыргызстан" президенттин кызматтан кетишин талап кылууда


БШКнын алдында нааразылык акциясын өткөрүп жаткан “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын жактоочулары партиянын парламентке өткөрүлбөй жатышына түздөн-түз президент күнөөлүү деп эсептейт. Ушул тапта эски аянтта чогулган элдин санын митингчилер беш миңдин тегереги деп айтышса, иш-чарага көз салып турган милиция кызматкерлери 500 чамалуу деп болжолдошууда.

“Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясы парламенттик шайлоодо 5% чекти өтө алган жок деп БШК билдирген. Ага ылайык кошумча тизмелерди кошуп санаганда жалпы шайлоочулардын 5 % добушу 150 миңден ашуун. Ал эми 145 миң добушка ээ болгон “Бүтүн Кыргызстан” партиясы БШК бийликтин буйругун аткарып, мурдагы айтылган көрсөткүчтөрдү жасалма жол менен өзгөртүп жатат деп билдирүүдө. (ZKo)

XS
SM
MD
LG