Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:11

"Чек арасыз кабарчылар" жылдык докладын жарыялады


"Чек арасыз кабарчылар" уюму дүйнөдөгү басма сөз эркиндиги боюнча докладын жарыялады. Анын авторлору Иран, Судан, Кытай, Түркмөнстан, Мьянма жана Түндүк Кореянын режимдерин эркин маалымат каражаттарын ооздуктоо үчүн ырайымсыз ыкмаларды колдонуп жатканы үчүн айыпташты. "Өкмөттүн кысымы Руанда, Сирия, Индия жана Орусияда да сезилүүдө",-деп айтылат баяндамада. Уюм белгилегендей, Франция менен Италияда маалымат каражаттарына бир ууч адамдар ээлик кылат, расмий адамдардын айрымдары журналисттерге жек көрүү менен мамиле жасайт. "Ал эми Скандинавия өлкөлөрүнүн бийликтери бул жагынан үлгү катары болуп бере алат",- елинет докладда. 178 өлкөнүн ичинен Кыргызстан басма сөз эркиндиги боюнча 159-орунга коюлган. "Чек арасыз кабарчылар" уюмунун өкүлү Элза Видал апрель, кийин июнь окуяларына байланыштуу маалымат каражаттарынын абалы начарлаганын белгиледи.

XS
SM
MD
LG