Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:38

Бүгүн Москванын жаңы мэри шайланып калышы мүмкүн


Добушка бүгүн Москва шаардык думасында Сергей Собяниндин талапкерлиги коюлат. Орус өкмөтүнүн башчысы Владимир Путиндин талапкери деп аталган Собянин депутаттар алдында сүйлөп, алардын суроолоруна жооп бергенден кийин, жашыруун добуш берилет. Эгерде алар Собяниндин талапкерлигин жактырышса, анда бүгүн эле ал Москванын жаңы мэри деп аталышы мүмкүн. Москва шаардык кеңешинде бийликтеги “Бирдиктүү Орусия” партиясынын депутаттары басымдуулук кылышат. Алар буга чейин бул кишинин талапкерлигин колдойбуз дешкен. Буга чейинки мэр Юрий Лужковду президент Дмитрий Медведев жакында “ишеничтен чыкты” деп, кызматтан алган.

XS
SM
MD
LG