Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:46

Июнь коогасындагы киши өлтүрүүлөр боюнча сот иштери уланууда


Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айылында июндагы коогалаң күндөрү мыкаачылык менен өлтүрүлгөн 25 жаштагы Айбек Карабековдун иши боюнча соттук териштирүү бүгүн башталат. Соттук териштирүү Ош шаарындагы аскер бөлүктөрүнүн биринде болот. Адвокат Назгүл Сүйүнбаеванын “Азаттыкка” маалымдашынча бул иш боюнча беш киши айыпталууда.

Кызыл-Кыштак айылынын тургуну Айбек Карабеков устага калтырып кеткен унаасын алып кетүүгө келген жеринен өлтүрүлгөн. Бүгүн ошондой эле Ош шаарында Кара-Суу райондук милиция башчысы Адылбек Султановду жана анын айдоочусу Уран Шамурзаевди өлтүргөн деп шектелип жаткан 10 кишинин соту да уланат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG