Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:44

П. Морель: ЕККУнун кеңешчи полициясы иш баштоого мезгил жетти


Евробиримдиктин Борбор Азиядагы атайын өкүлү Пьер Морель бул маселени КР Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен болгон жолугушууда көтөрдү. Ал учурда Кыргызстанда саясий кырдаал турукташып калганын белгилеп, ЕККУнун кеңешчи полициячылары өз ишин баштоосуна жакшы атмосфера түзүлдү деп билдирди. Ал ошондой эле ЕККУ 2002-жылдан бери кыргыз милициясын реформалоого жакшы жардам берип келе жатканын айтып, ЕККУнун кеңешчи полициячылары Кыргызстандын түштүгүндөгү кырдаалды калыбына келтирүүгө, тартип коргоо кызматына элдин ишеничин көтөрүүгө көмөктөшө алмак деген пикирин кошумчалаган. Р. Казакбаев бул маселе кыргыз өкмөтү карай турган маанилүү маселелердин катарында экенин белгилеп, бул өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалга ылайык караларын айткан. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

ЕККУ Кыргызстандын түштүгүндөгү күч структураларына көмөк кылуу максатында 52 адамдан турган полициялык кеңешчи топту жөнөтө турганын билдирген. Алардын макамы мониторинг, окутуу иштери менен гана чектелип, куралсыз аракеттенишери айтылган. Коомчулукта болсо ЕККУ кеңешчи полициячылары Кыргызстанда июнь окуясына иликтөө жүргүзүп, өлкөнүн бөлүнүп-жарылышына алып келет деген пикир күч алып, натыйжада Ош жана Бишкек шаарларында алардын келишине каршы демонстрациялар болгон.(ZKo)

XS
SM
MD
LG