Бул тууралуу “Азаттыкка” бүгүн Баткен облустук акимчилигинин маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка караганда, 25-октябрда коомдук-саясий жана мамлекеттик ишмер Исхак Раззаковдун туулгандыгынын 100 жылдыгы болот. Бирок өлкөдөгү түзүлгөн саясий кырдаалга байланыштуу бул күнгө мамлекеттик деңгээлдеги салтанат белгиленген эмес. Болгону Сүлүктү шаарындагы гуманитардык-экономикалык институтунда “Исхак Раззаковдун саясий ишмердүүлүгү жана азыркы мамлекеттик саясат” аттуу илимий жыйын өтөт.
Исхак Раззаков 1950-61-жылдары Кыргыз ССРинин Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин биринчи катчысы (республиканын жетекчиси) болуп иштеген. 1979-жылы Москвада каза болуп, сөөгү ошол жакта калган. Маркумдун сөөгү 2000-жылы мекенине алып келинип, Бишкектеги Ала-Арча көрүстөнүнө сый-урмат менен коюлган. Исхак Раззаков 1910-жылдын 25-октябрында азыркы Баткен облусуна караштуу Лейлек районунда жарыкка келген. (JsA)