Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:14

Сахаров сыйлыгы кубалык диссидент Гильермо Фариньяска ыйгарылды


Европа парламенти Андрей Сахаров атындагы «Ой жүгүртүү эркиндиги» боюнча сыйылыгын кубалык диссидент Гильермо Фариньяска ыйгарды. Бул тууралуу Европарламенттин төрагасы Иржи Бузек Страсбургда жарыя кылды:

- Гильермо Фариньяс көзкарандысыз журналист жана саясый диссидент. Ал Кубадагы режимге таасир этип, өзгөртүү үчүн өз ден соолугун жана өмүрүн тобокелге салды. Ал Кубадагы сөз эркиндиги жоктугуна нааразылык ирети ачкачылык жарыялады. Ал эркиндик, адам укугу жана демократияга умтулган бардык адамдардын үмүтүн чагылдырды.

48 жаштагы журналист-психолог 11,5 жыл абакта отуруп, Кубадагы коммунисттик режимге каршы 23 жолу ачкачылык кармаган. Гильермо Фариньяска сыйлык жана 50 миң евро Страсбургда 15-декабрда тапшырылат. Советтик диссидент-илимпоз Андрей Сахаров атындагы сыйылыкты Европарламент 1988-жылы негиздеген.

XS
SM
MD
LG