Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:57

Аба ырайы: Түнкүсүн аба -5 даражага чейин муздайт


Кыргыз гидрометеорологиялык борборунан маалымдашкандай 21-октябрдан 22-октябрга оогон түнү абанын температурасы кескин төмөндөп, -5 даражага чейин муздашы күтүлүүдө.

Эртең, 22-октябрда республиканын көпчүлүк аймактарында жаан-чачын болот. Дарактарга жана электр зымдарына кар суу тоңот. Түндүктөн соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9, айрым жерлерде 15-20 метрге, Ысык-Көл ойдуңунда 19-24 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы: Чүй, Талас облустарында түнкүсүн 0...5, күндүз 1...6 градус жылуу болот, Баткенде түнкүсүн 0...5, күндүз 2...7 даража жылыйт. Ош, Жалал-Абат дубандарында түнкүсүн 0...5 даража жылуу, айрым жерлеринде түнкүсүн -2 даражага чейин суук болуп, үшүк жүрөт, күндүз 4...9 градус жылыйт. Тоолуу Нарында түнкүсүн -1...-6 даража чейин суук болот, күндүз 1...6 даража жылуу болот. Ысык-Көл өрөөнүндө түнкүсүн 0...5 градус жылуу, тоолуу аймактарында -5 градуска чейин суук болот, күндүз 3...8 градус жылуу болушу күтүлүүдө. Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен кар жаайт. Түнкүсүн -1...-3 даража суук, күндүз 2...4 даража жылуу болот.

XS
SM
MD
LG