Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Февраль, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:30

Жалал-Абад - Казарман жолу убактылуу жабылды

Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунда болушу ыктымал табигый кырсыктарды алдын алуу, жарандардын кырсыкка кабылуусуна жол бербөө жана материалдык чыгымдарды болтурбоо, өзгөчө кырдаалдарга чара көрүүнү күчөтүү максатында Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын буйругу менен Жалал-Абад - Тогуз-Торо жолу Сары-Кыр ашуусуна кар жаагандыгына байланыштуу жабылды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Тогуз-Торо райондук бөлүмүнүн башчысы Мирбек Шергазиевдин берген маалыматы боюнча учурда аталган жолдун Сары-Кыр ашуусунда жарым метрге чейин кар бар. Бул жол жылда эле аталган ашууга кар түшкөндөн баштап жазга чейин убактылуу жабылат. (IJz)
XS
SM
MD
LG