Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:09

Гаитиде холерадан кеминде 135 адам өлгөнү кабарланууда


«Франс-пресс» маалымат агенттигинин кабарына караганда, өлкөнүн түндүгүндө акыркы күндөрү таркап кеткен холера илдетинен ондогон адам набыт болду. Ооруканаларда дагы 1500 адам жатканы айтылды. Бирок расмий бийликтер бул кабарды тастыкташа элек. Быйыл январда Гаитиде катуу жер титирөө болгон. Анда 250 миңдей адам өлгөн эле. Эксперттер ошондо эле жугуштуу ооруулар таркашы мүмкүн экенин эскертишкен. Анткени азырга чейин убактылуу чатырларда жашагандар көп.

XS
SM
MD
LG