Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:09

Түштүктө дагы бир тополоң чыгаруу аракети болгон


Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов кандайдыр бир күчтөр элдин баары шайлоо менен алек болуп жаткан учурда аймакта башаламандык чыгарууга аракет кылышканын ачыктады. Анын айтымында, өз учурунда көрүлгөн чаралар алардын аракетин жокко чыгарды. М. Иманкулов иштин кызыкчылыгына байланыштырып башка маалымат айткан жок, бирок ошол эле учурда кырдаал азыр деле кооптуу болуп жатканын кыйытты. Коопсуздук кеңешинин катчысы бул тууралуу бүгүн Бишкекте өткөн “Мыйзамдуулук –коопсуздуктун кепили” аттуу жыйында билдирип, өлкөдө туруктуулукту жана тынчтыкты камсыз кылуу үчүн биргелешип аракеттенүүгө чакырды.

Бүгүн Бишкекте “Мыйзамдуулук – коопсуздуктун кепили” аттуу жыйын болуп, ага бийлик, жарандык коом өкүлдөрү, БШК мүчөлөрү катышты. Анда шайлоодон кийинки коомдук-саясий кырдаал, адам укугу маселеси талкууга алынды. (ZKo)

XS
SM
MD
LG