Дарыгерлер илдет быйыл январдагы зилзаладан үй-жайсыз калган жүз миңдеген адамдар жашап жаткан райондорго да жайылышы ыктымал деп чочулашат. Холеранын очогу өлкөнүн түндүк жана борбордук райондорунда катталган эле. Ушул кезге чейин 220 киши каза тапты, эки жарым миңдей адам ооруканаларга жаткырылды.