Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:07

А. Турганбаев: УКМК кызматкерлери башка иштер менен жүргөн


Аскер прокурору Айбек Турганбаев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматтын 4-5 кызматкери “Ата-Журт” партиясынын теңтөрагасы Камчыбек Ташиевдин үйү тарапта ага таптакыр тиешеси жок башка оперативдүү иштер менен болушкан, деп билдирди. Анын айтымында, азыр К. Ташиевдин үйүндө болгон жаңжалдын чоо-жайы текшерилип жатат, кылмыш иши козголо элек. 23-октябрда К. Ташиевдин Бишкектен анча алыс эмес жердеги үйүндө куралчан он беш чакты адам анын жан сакчылары менен кагылыша кеткен. Жансакчыларга кол көтөргөндөр качып кетүүгө үлгүргөн. Алардын үч тапанчасы жана УКМКнын кызматкерине таандык бир күбөлүк калып калган. (EBM)

XS
SM
MD
LG