Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:40

Бүгүн Камбар-Ата-2 ГЭСинде электр кубатын өндүрүү башталат

Бул тууралуу энергетика министри Осмонбек Артыкбаев билдирди. Анын айтымында, ГЭСте шаймандарды орнотуу иштери өз убагында бүткөрүлүп жатат. Камбар-Ата-2 ГЭСинин биринчи агрегаты 30-августта ишке кирген. Бул иш-чарага президент Роза Отунбаева катышып Орусия менен Камбар-Ата-1 жана Камбар-Ата-2 ГЭСинин экинчи, үчүнчү агрегатын куруу боюнча сүйлөшүү жүрүп жатканын маалымдаган. Камбар-Ата-2 ГЭСин куруу иштери СССРдин убагында эле башталып, 2007-жылы улантылган эле. Бул курулушка мурунку бийликтин тушунда Орусиядан келген насыянын 100 млн. доллары бөлүнгөн болчу. (EBM)
XS
SM
MD
LG