Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:51

Cловенияда биринчи африкалык ынды кара мэрликке шайланды


Теги ганалык доктур Питер Боссман жекшемби күнкү шайлоодо атаандашын утуп, Адриатика деңизинин боюндагы Пиран шаарынын мэри болуп калды. Ал орточул оңчул Социал-демократтык партиянын мүчөсү. Боссманды шайлоочулардын 51,4 проценти, мурдакы мэр Томаз Гантарды 48,4 проценти колдоду. Боссман 54 жашта. Словенияга 1980-жылдардын башында мурдакы Югославия кезинде окууга келип, ошо боюнча калып калган. Хорват аялы экөөнүн эки кызы бар. Аялы да доктур. Ырасмий маалымат боюнча, Словениянын калкынын 12 проценти бөтөн өлкөдө, анын ичинде көпчүлүгү мурдакы Югославияда төрөлгөндөр.

XS
SM
MD
LG