Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:32

“Бүтүн Кыргызстандын” тарапкерлери ачкачылыкты токтотушту


Бул тууралуу “Азаттыкка” “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын төрагасы Адахан Мадумаров билдирди. Анын айтымында, Ош шаарында ачкачылык кармап турушкан беш адам учурда “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын жетекчилигинин өтүнүчү менен акцияны токтотушту. А.Мадумаровдун айтымында, алар митинг-пикеттерди, ачкачылык акцияларын эки күнгө токтотуп, БШКнын шайлоо жыйынтыктарын чыгаруусун күтүшөт.

“Бүтүн Кыргызстан” партиясы эки жумадан бери шайлоодогу беш пайыздык тосмонун 142 миңден 150 миңге чыгып кетишине нааразычылыктарын билдиришүүдө. Аталган партия 10-октябрда өткөн шайлоодо 145 миңден ашуун добуш топтогон болчу. (IJz)

XS
SM
MD
LG