Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:40

Көкөлөгөн баалар, көтөрүлгөн инфляция


Ош базарындагы баалар, 25-октябрь.
Ош базарындагы баалар, 25-октябрь.

Сырттан ташылып келчү өсүмдүк майдын баасынын көтөрүлүшү артынан ун азыктарынын, таттуулардын кымбатташына алып келди.

Жаздан бери башаламандыктан баш көтөрө албаган өлкөдө баалардын көтөрүлүшү чоң деле жаңылык эмес. Бирок да калкынын теңине жакыны жакырчылыктан чыга албай турган чакта керектүү тамак-аштын кымбаттап кетиши ансыз да оор социалдык абалды дагы тереңдетиши мүмкүн.

Лекин, ыр арзан, нан кымбат

Ушу тапта өсүмдүк майы, нан, сүт азыктары кымбаттоодо. Анын себебин Улуттук банктын төрайымы Бактыгүл Жээнбаева болсо күйүүчү майлардын кымбатташына байланыштырууда. Бул болсо инфляциянын көтөрүлүшүнө алып келди.
Бишкектеги Ош базары, 25-октябрь.

- Азыркы күндө инфляция 12% чыгып кетти. Жылдын башында 7 – 8% болот го деп ойлодук эле. Күйүүчү майлардын баасынын өсүшү башкаларга таасир көрсөтүп, алардын да баасы көтөрүлүп кетти.

Эмнеликтен өсүмдүк майынын кымбаттап кетишин “Ош базарындагы” атын атагысы келбеген сатуучу Орусиянын азык-түлүгүн сыртка чыгарбай жатышына байланыштуу түшүндүрөт.

- 70 – 75 сомдон сатылган май 80 – 85 сом болуп калды. Орусиядан келет. Аякта продукциясын чыгарбайбыз, деп коюшпадыбы. Өздөрүнө аз окшойт.

Мурда дүңүнөн 5 литри 460 – 465 сомдон сатылчу өсүмдүк майы бу кезде 500 сомду чапчып, ал эми дүкөндөрдө болсо 520 – 530 сомго бааланууда. Майдын артынан башка азык-түлүктөрдүн баасы да көтөрүлүүдө. Аз илгерээк керектүү тамак-аштын башында турган нан баасы кымбаттаган.

“Ыстаканда кантың бар”

Негизи Кыргызстанга ташылып келбеген товарлар аз эле болсо керек. Маселен, таттуулардын көбү Казакстан менен Украинадан ташылып келет.

- Өзүбүздө бар, аз да. Карамелдер чыгат. Шоколаддар деле болуш керек. Аз да, биз сатпайбыз,- деп айтты Жумагүл деген сатуучу кыз.

Ал го ал, а бирок мал киндиктүү Кыргызстанга Кытайдын арзан эти, жумурткасына чейин ташылып жатышын кайсы базар-нарк мамилеси менен түшүндүрүүгө болот? Анын себеп-жөнүн Улуттук банктын төрага орунбасары Сүйөркул Абдыбалы тегин мындайча түшүндүрөт.

- Кытайдын эти эч убакта бизден арзан болбойт. Мына биз малды үч-төрт ай эле багабыз. Анан 3 – 4 ай багылган малдын эти арзан болобу же 12 ай багылган малдын эти арзан болобу? Короодо багылган. Кытайдын айдап чыгып бага турган жери жок.

- Баасын төмөндөтүп койгондондур.

- Эмненин эсебинен болуп атат ошолордун баары? Алардын этинин сапаты жок. Мынабу чек арага ветеринардык көзөмөл дегенди койгулачы, деп айта берип тилим тешилди. Гормоналдык нерселерди текшериш керек.
Бишкектеги Ош базары.

А бирок азырынча арзанбаа эт, сүт, жумуртка, башка азык-түлүк продукциясы Кыргызстанга күргүштөп кирүүдө. Мындан эки жыл илгери ошол эле Кытайдан келген ундун айланасындагы чатак тез эле басты-басты кылынган. Андан бери чек арадан өтүп жаткан азык-түлүктөрдүн кантип текшерилип жаткандыгы жайында кеп боло элек.

Бир ай илгери буудай кымбаттай элек кезде нандын баасы көтөрүлүп кетишине кызыгып өкмөткө караштуу монополияга каршы комитет чоң тегирмендердин жанына кызматкерлерин коюп, баа жолун кылдат иликтеп чыгуу аракетине киришкен. Антимонопол комитет жетекчиси Бабырбек Жээнбеков нан баасы төмөндөшүнөн шек кылбастыгын ошондо эле “Азаттыкка” маалымдаган.

- Биз ун маселеси боюнча кандайдыр бир чечимге келебиз деген бизде бир ой бар. Максат да бар. Ошого жетебиз го деп азыр аракеттенип да жатабыз.

Азырынча ун менен нандын баасынын токтолор түрү көрүнбөйт.

XS
SM
MD
LG