Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Май, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:57

Иракта болжол менен 20 миллион мина бар

Алардан өлкөнүн аймагын тазалоо үчүн жардам сурап, Багдад өкмөтү эл аралык коомчулукка кайрылды. Премьер-министр Нури ал-Малики атайын ушул темага арналып өткөрүлгөн эл аралык жыйында соңку жыйырма жыл ичинде көмүлгөн миналардын картасы жок экенин, бул жагдай тазалоо ишин татаалдантып жатканын белгиледи. Улуттар Уюмунун эсептери боюнча 1991-жылдан бери минага жарылып сегиз миң киши, алардын ичинде эки миңдей жаш балдар набыт же майып болду.
XS
SM
MD
LG