Линктер

жума, 26-май, 2017 Бишкек убактысы 13:59

Ооганстанда нидерланд жараны уурдалды


Нидерланд өкмөтү Ооганстандын түндүгүндө нидерланд жараны менен анын ооган айдоочусу уурдалганын тастыктады. Дүйшөмбү күнү Тахар провинциясынын бийлиги майып адамдарга жардамдашкан бейөкмөттүк уюмдун нидерланд кызматкери айдоочусу менен чогуу Банги районунда белгисиз куралчандар тарабынан уурдалганын маалымдаган. Уурдалган адамдардын аты-жөнү жарыяланбады.

Ооган бийликтери 25-октябрда жанкечтинин чабуулунан жана жолго коюлган миналарга кабылып, беш жаран өлгөнүн, он киши жарадар болгонун кабарлады.

XS
SM
MD
LG