Гуантанамо түрмөсүнүн туткуну, Канада жараны Омар Кадр сотто күнөөсүн мойнуна алды. Ал 2002-жылы 15 жаш курагында Ооганстанда согушуп жүрүп, америкалык жоокерди граната ыргытып өлтүргөнүн жана “ал-Каида” менен байланышта болгонун сотто тастыктады. Гунтанамодогу аскерий соттун төрагасы, капитан Жон Морфи:
- Омар Кадр кайра-кайра:”Ырас, баары туура. Муну мен жасагам. Мен адам өлтүргөм. Мен “ал-Каиданын” террорчусумун”, - деп кайталады. Бул кээ бирөөлөрдүн Омар Кадр курмандыкка чабылууда деген узактан берки сөздөрүн калпка чыгарат. Ал киши өлтүрүүчү. Ал сөзүнүн негизинде соттолду.
24 жаштагы Омар Кадрдын согуш кылмышкери катары күнөөсүн мойнуна алуусу аны өмүр бою абактан бошотуп, Канадага кайтуусуна мүмкүнчүлүк бериши ыктамал. Айыпкердин адвокаттары менен соттун ортосундагы келишим азырынча жарыялана элек.