Бул тууралуу “Азаттыкка” Социал-демократтар партиясынын лидерлеринин бири Чыныбай Турсунбеков билдирди. Анын айтымында, “Республика” партиясынын жетекчилиги менен болгон оор сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында бул эки партиялар коалиция түзүү жаатында бир пикирге келишти. Азыркы тапта үчүнчү партия менен сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Ал эми аталган партиянын маалыматтык борборунун жетекчиси Фарид Ниязовдун айтымында, бул эки партияга “Ата Мекен” партиясы кошулуп калуусу мүмкүн. Бирок көптөгөн багыттарда көз караштар дал келгени менен тышкы саясатта “Ата Мекендин” позициясы айырмаланууда.
“Ата Мекен” партиясынын лидерлеринин бири Равшан Жээнбеков “Азаттыкка” билдиргендей, ушул тапта “Ата-Журт” менен “Ар-Намыс” партиялары биригери айкын болуп калды. КСДП менен “Республика” экинчи бир жээкти ээлеп калышты. Андыктан азыр “Ата Мекен” партиясынын сөзү чечүүчү болуп турат.
“Биздин КСДП менен көз караштарыбыз көп учурда дал келет. Ушул партия менен биригүү тууралуу ойлорубузду айтып келгенбиз. Учурда сүйлөшүүлөр уланып атат”,- дейт Р.Жээнбеков.
Айта кетсек, “Республика” менен КСДП парламенттик башкаруу системасына каршы болбогону менен Орусияга жакын боло тургандыктарын жашырбай келишет. Ал эми “Ар-Намыс” менен “Ата-Журт” партиялары парламенттик системага каршы болуп, күчтүү президенттик башкарууну алып келишерин айтышууда. Бул жерде парламенттик системаны курууда локомотив болуп берген “Ата Мекен” партиясынын батышка ыктаган саясаты башкалардан айырмалуу. Калган төрт партия Орусия менен бирге болорун жарыялап коюшкан. (IJz)