Линктер

жекшемби, 22-октябрь, 2017 Бишкек убактысы 12:57

Иран Бушердеги реакторду отун менен толтура баштады


Өлкөдөгү биринчи атом станциясы жыл этегине барып электр тогун өндүрө баштайт, эмдиги жылдын башында жалпы энергетика системасына жалгаштырылат. Станциянын долбоордо каралган кубаттуулугу 1000 мегаваттка барабар. Анын курулушу отуз жылга созулду жана быйыл аяктады. Ага россиялык адистер катышты. Бул окуяга байланыштуу өлкөнүн тышкы иштер министрлигинин өкүлү Ирандын атомдук программасынын тынчтык мүнөзүн белгилеп, Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңеши жана бир катар өлкөлөр Тегеранга каршы жарыялаган санкциялар натыйжа бербейт деп билдирди.

XS
SM
MD
LG