Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:28

Экономикалык кылмышка катышы барлардын иши сотко жөнөтүлдү


Башкы прокуратура ушул тапта мурдагы президент К.Бакиевге тыгыз байланышкан кызматтык жана экономикалык кылмыштарга байланыштуу козголгон 40 кылмыш ишин сотко өткөрдү. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирет.

Тергөө-иликтөө иштери учурунда мамлекеттик бюджетке “АзияУниверсал Банкынан” – 880 миллион сом, “Кыргызинвесткредитбанктан” – 100 миллион сом, “Ысык-Көл инвест банктан” – 70 миллион, “Бакай банктан” – 80 миллион сом, жалпы 1 миллиард 130 миллион сом которулган. Ошондой эле бюджетке “Кыргызинвесткредитбанктан” – 4 миллион доллар, “Бакай банктан” – бир миллион, “Манас банктан” – 8 миллион, “АзияУниверсалБанктан” – 22 миллион, жалпы 35 миллион доллар которулган.

Башкы прокуратура билдиргендей, жогоруда көрсөтүлгөн каражаттар К.Бакиевдин тушунда Өнүктүрүү фондуна мыйзамсыз өткөрүлүп, аталган банктарга пайыздык үстөгүн алуу максатында жаткырылган. Ал эми үч коммерциялык банктын баалуу буюмдарды сактоочу кутуларынан табылган 19,7 миллион доллар Улуттук банкка сактоого берилди.

Ошондой эле Башкы прокуратура айыпкер катары издөөдө жүргөн Максим Бакиев, Евгений Гуревич, Алексей Елисеев, Алексей Ширшов, Сергей Попов, Мурат Суталинов, Сапарбек Балкыбеков, М.Малабаев, Х.Маянху, М.Надель баштаган 25 адамдв айыпкер катары жоопко тартуу боюнча токтом чыгарды.

Андан тышкары Башкы прокуратура экономикалык жана кызматтык кылмыштардын негизинде Ильяс Давыдов, Саламат Айтикеев, Игорь Чудинов, Нурлан Сулайманов, К.Какитаев, И.Гайыпкулов баштаган 42 адамды жоопко тартуу чарасын көрдү. Андан тышкары мурдагы Мамлекеттик мүлк министри Турсун Турдумамбетовго карата козголгон кылмыш иши да сотко өттү. Ал мамлекеттик мүлктү менчиктештирүүдө кызмат абалынан кыянат пайдаланган делип айыпталган. (IJz)

XS
SM
MD
LG