Акыйкатчы Турсунбек Акун өзүнүн Жалал-Абад облусу боюнча өкүлү Алима Амановага Акыйкатчы институтунун негизги принциптерин жана этикасын бузгандыгы үчүн эскертүү берди. Бул тууралуу Акыйкатчынын маалымат кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, А.Аманова өлкөнүн вице-премьер-министри А.Бекназаров өткөргөн кеңешмеде сөз сүйлөп, эл аралык уюмдар Кыргызстан тууралуу такталбаган маалыматтарды таркатып, өлкөнү жаман көрсөтүп атышканын, аларга андай маалыматтарды жергиликтүү бейөкмөт уюмдары берип атканын айткан. Андан тышкары акыйкатчынын өкүлү эл аралык уюмдарга туура эмес маалыматтарды берген уюмдарды жана адамдарды текшерүү жана аларга катаал чара көрүү демилгесин колдогон. Өз кезегинде буга бейөкмөт уюмдар нааразычылыгын билдиришкен.
Бугай байланыштуу Т.Акун мындай билдирүүлөр аны менен кеңешилбегенин жана алар жеке А.Аманованын пикири экенин билдирип, кызматкеринин айткандарын сынга алды. (IJz)