Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:47

Менчик ээлери менен мамлекеттин иштешүүсү боюнча сунуштар айтылды


Борбор Азиядагы эркин рынок институту менчик ээлери менен мамлекеттин иштешүү принциптери тууралуу сунуштарды жасоодо.

Анда мамлекеттин темир жолун тейлөө, түрмөлөрдү тейлөө, аба каттамдары жана аба майдандары, кара жол каттамдары жана аларды куруу, суу менен камсыз кылуу, электр энергиясын өндүрүү жана бөлүштүрүү, билим берүү, саламаттыкты сактоо, таштандыларды чыгаруу жана кайра иштетүү, стадиондор жана парктарды иштетүү жаатында менчик ээлери менен бирге иштешүүнүн эффективдүүлүгү айтылган.

Маалыматка ылайык, маселен АКШда 200 жылдан бери мамлекет менен менчик ээлери биргеликте иш алып барышат. Ушул тапта АКШдагы ар бир шаарда муниципалдык кызматтардын дээрлик көбү бизнесмендер менен иштешет. Ал эми Францияда мындай кызматташтык 450 жылдан бери жолго коюлган. Британия болсо мындай негизде ишке ашырылган долбоорлордун саны боюнча алдыда турат. Дал ушул мамлекетте эң биринчи жолу менчик түрмө ачылган.

Аталган институт менчик ээлери менен мамлекеттин кызматташтыгы тейлөө сапаттарын жакшыртып, экономиканы өнүктүрүүгө салым кошорун баса белгилейт.

Постсоветтик өлкөлөрдүн көбүндө мындай негиздеги кызматташтык дале өнүгө элек. (IJz)

XS
SM
MD
LG