Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:21

Казакстанда оппозиция лидерлеринин басма сөз жыйыны үзгүлтүккө учурады


Алматыдагы басма сөз жыйын “Казакстандын транзиттик президенти жана Кыргызстандын тажрыйбасы” деген тема астында өтүп жаткан. Аны Казакстан коммунисттик жана оппозициядагы “Алга” партиясынын лидерлери Серикболсын Абдильдин, Владимир Козлов жана башка активисттер уюштурган эле. Бирок микрофон өткөн аптада 2012-жылкы президенттик шайлоого катышарын жарыялаган “Алга” партиясынын лидери Владимир Козловго тийгенде, залда отурган бир нече адам оболу анын казакча сүйлөөсүн талап кылып, андан соң оппозиция лидерлерин көздөй жумуртка ыргытышты. Жыйынды үзгүлтүккө учураткандар өздөрүн
“Желтоксан -86” деген кыймылдын өкүлдөрүбүз деп аташты. Казак конституциясы президент болгусу келген адам казак тилин билүүсүн талап кылат. Казак президентинин жакын кеңешчилеринин бири Ермухаммед Ертысбаев Назарбаев 2012-жылдагы шайлоого да катышарын өткөн айда жарыялаган.

XS
SM
MD
LG