Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:29

Индонезияда цунамиден жүздөгөн адамдар каза тапты


Соңку расмий маалыматка караганда, өлкөнүн Ментавай деген аралында күчү 7,7 баллды түзгөн жер титирөөнүн артынан келген, бийиктиги 3 метрлик суу толкунунун соккусунан 270тен ашуун адам өлдү, дагы жүздөгөн киши дайынсыз жоголду деп эсептелинүүдө. Цунами бул алыскы аралдан кеминде он чакты кыштакты жууп кеткен. Куткаруучулар учурда аман калгандарды издөөдө. Үй –жайсыз калган 4 миңдей адам убактысынча башпаанектөөчү жайларга көчүлдү. Артынан цунамини алып келген жер титирөө ушул дүйшөмбү күнү кечке жуук болгон. Мындан сырткары, расмий өкүлдөр билдиргендей, Индонезиянын Ява деген аралында жанар тоо атылып, 28 киши каза тапты, ондогондору жаракат алды.

XS
SM
MD
LG