Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:31

Өзбек дыйкандары пахта кымбаттаганынын пайдасын көрбөйт


Өзбекстанда пахта теримге адамдар мажбурлап чыгарылат.
Өзбекстанда пахта теримге адамдар мажбурлап чыгарылат.

Эл аралык базарда пахтанын баасы рекорддук деңгээлге чыкканы менен Өзбекстанда ак алтындын кара жумушун кылгандар баа көтөрүлгөндүгүнүн пайдасын деле көрбөйт.

Жиззактын тургуну Мамуржон Азимовдун үй-бүлөсү көптөгөн жылдардан бери пахта өстүрүп келген. Бирок карыздан башы чыкпай койгон соң мамлекеттен ижарага алган жерин ал былтыр кайтарып берди. Азимов “Азаттык” радиосунун Өзбек кызматы менен маегинде белгилегендей, Өзбекстандын феодалдык тартип өкүм сүргөн айыл чарба системасы президент Ислам Каримовго байланышы бар саясий элитанын үркөрдөй тобун гана байытууда. Ал система боюнча дыйкандар кул катары иштейт, жакшы дегенде тапкан-ташыганын карыздарына төлөп берүү менен отуруп калат:

- Пахтанын баасы ар бир жылдын башталышында мамлекет тарабынан аныкталат. Пахта терим үчүн төлөнүүчү акча да өнөктүк башталар алдында белгиленет. Болгону ушул. Эл аралык базарда эмне болуп жатканынын дыйкандар үчүн тиешеси жок. Дыйканга ашыкча эч ким эч нерсени төлөп бербейт. Эгер эл аралык базарда баа көтөрүлсө, анын пайдасын бийликтегилер эле көрүүдө.

Пахта баасы эл аралык базарда бул аптада да кымбаттап, биржанын тили менен айтканда бир фунту же 453 граммы 1 доллар 20 центтен ашты. Бул -акыркы 140 жылдагы эң жогорку баа. Өзбекстанда калыптанган системага ылайык, терилген пахтаны дыйкандар өз аймагындагы пахта тазалоочу ишканага өткөрүшү керек.

Бир эле кезекте пахтаны чогултуучу жана тазалоочу андай жайлардын саны өлкө боюнча 120дан ашуун. Алардын баары “Узхлопкопром” деген компанияга карайт. Башкача айтканда дыйкандар пахтасын өкмөт белгилеген баада мына ушул компанияга гана сатууга милдеттүү. Расмий түрдө ал компания дыйкандарга төлөгөн акча дүйнөлүк базардагы баанын үчтөн бир бөлүгү деп эсептелинет. Бирок чынында дыйкандардын колуна анын ондон бир бөлүгү эле тийиши мүмкүн. Анткени кабыл алууда пахтанын сорту төмөндөтүлүп коюлат.

Калк иштеди, бир уучу байыды

“Узхлопкопромдун” 51% акциясына өзбек өкмөтү ээлик кылат. Бул монополист ишкананын калган 49 пайызы кимге таандык экендиги эч убакта ачык айтылган эмес. Бирок журналисттер менен адам укугун коргоочулар жүргүзгөн иликтөөлөргө караганда, жеке менчиктеги акцияларды президент Каримовдун саясий санаалаштары менен алардын тууган-уругу көзөмөлдөйт.

Жулиет Уильямс - Табияттагы адилеттүүлүк корунун директору. Британиядагы бул бейөкмөт уюм Өзбекстандын пахта өндүрүшүнүн экологияга тийгизген зыянына, балдар эмгеги эксплуатацияланышына мониторинг жүргүзүп келүүдө:

- Маселе Өзбекстандын экономикасы совет доорундагыдай командалык стилде иштегендигинде. Пахта өкмөт үчүн стратегиялык мааниси бар товар. Аны сатуудан жылына 1 миллиард доллардай акча түшөт. Дыйкандарда башка нерсе өндүргүдөй тандоо жок болгондуктан, алар президент Каримовдун бир ууч элитасы пайда көргөн экономиканын бир бөлүгү. Мындай көмүскө соодада жогору жактагылардын кимиси болбосун киреше көрүүсүнө мүмкүндүк бар.

Ал кошумчалагандай, эл аралык базарда баанын көтөрүлүүсү президент Ислам Каримовдун режими Өзбекстандын эл үстүнөн көзөмөлүн күчөтүүсүнө жардам берүүдө. Андан улам пахта барондорунун кубаты артып, дыйкандар болсо алардын капканында калуусун кепилдөөдө. Бул системаны Жулиет Уильямс “посткоммунисттик номенклатура феодализми” деп мүнөздөйт:

- Дыйкан урукту жерге сепкенден тарта мамлекет тарабынан көзөмөлдөнөт. Эмнени качан, кантип, канча көлөмдө өстүрүш керектиги боюнча буйрук алат. Күйүүчү май, трактор, жер семирткич үчүн мамлекетке белгилүү бир сумманы төлөйт. Түшүм жыйноого келгенде дыйканда аны кимге саткыдай тандоо жок. Базарга алып чыга албайт, четтен келгендерге же башка соодагерлерге сата албайт. Баары мамлекеттик мекемелер аркылуу өтө жашыруун ишке ашырылат.

Мамлекеттик “Узхлопкопром” компаниясы пахтанын баарын дыйкандардан жыйнагандан кийин четке чыгарууга келгенде анын 70 пайызын мамлекет көзөмөлдөгөн башка үч фирмага берет. Ал экспорттук фирмаларда менчик укугу кандай бөлүштүрүлгөнү, алардын башкарган адамдардын аты-жөнү да жашыруун.

Бардыгын талаага айдаган экономика

Анткен менен пахта саткан фирмаларга жалпы көзөмөлдү Өзбекстандын тышкы экономикалык байланыштар, инвестиция жана соода министри Элёр Ганиев жүргүзөрү белгилүү. Бул вазийпаны мурда азыркы каржы министри жана премьер-министрдин орун басары Рустам Азимов аткаргандыктан, учурунда ал да пахта соодасынан эбегейсиз байлык топтогон деп болжолдонот. Ал эми пахта терим үчүн жалпы жоопкерчилик президент тарабынан дайындалуучу 13 губернаторго жүктөлгөн.

Ислам Каримов
Адам укугун коргоочулар ырастап келе жаткандай, пахта боюнча өкмөт белгиленген план аткарылмайынча Ташкенттеги өкмөт талаадагы укук бузууларга көз жумуп койо берет. Планды аткаруу үчүн болсо миллиондогон өзбекстандыктар, алардын ичинде жүз миңдеген жаш балдар, студенттер, мугалимдер, дарыгерлер, атүгүл майыптар да пахта талааларына чыгууга мажбур. Өзбек өкмөтү муну пахта тагдыр чечер товар экендиги менен түшүндүрөт.

Ак алтын Өзбекстандын экспорттон тапкан кирешесинин 60 пайызын бергени менен бул эксплуататордук системаны башкарып жаткандар түшкөн акчаны тармактын келечеги үчүн зарыл инфраструктурага инвестициялаганы байкалбайт.

Пахтаны Өзбекстандын өзүндө иштетип, жок дегенде кездеме чыгаруучу, жаңы жумушчу орундар жараткан ишканалар деле дээрлик жокко эсе. Премьер-министр Шавкат Мирзоев жакында өкмөттүн пахта кирешесинин бир бөлүгүн жаңы текстиль заводдорун ачууга багыттоо планы бар экенин жарыялады. Бирок өкмөттүн сынчылары мындай кадамдын натыйжасында кайра эле сыртынан мамлекеттик деп эсептелген, бирок иш жүзүндө жогорку бийликтегилер менен алардын жакындарын жашыруун байыткан ишканалар жаралышы мүмкүн деп эсептешет.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG