Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:37

Өзбекстан: Балдар эмгеги мурдагыдай эле колдонулууда


Өткөн жылы эл аралык коомчулуктун кескин нааразылыгынан улам, өзбек бийлиги пахта өндүрүшүндө балдар эмгегин колдонууга тыюу салган. Бирок укук коргоочулардын айтымында, балдар эмгеги мурдагыдай эле колдонулуп келүүдө.

Өзбекстандын Фергана облусундагы орто мектептин окуучулары үй тапшырманын ордуна кагаздан пахта өндүрүшү үчүн керек болгон түтүктөрдү жасашы керек. 11 жаштагы атын атагысы келбеген окуучу “Азаттык” үналгысынын Өзбек кызматына буларды айтты:

- Алар бизге барактын эки жагын бириктирип, түтүк жасагыла деп тапшырма беришти. Биз андайдын бир нечесин жасап келсек, эртеси күнү мугалимдер мындан да көбүн, бирок башкачасын жасоону буйрушту.

Кыргызстандагыдай эле, бул жаз Өзбекстанда да жаандуу болду. Ушундан улам өзбек аткаминерлери пахтаны жылуу жайларга көчүрүүгө мектеп окуучуларын, студенттерди жана мамлекеттик мекемелерде иштеген адамдарды тартууда.

Укук коргоочулар өзбек бийлигинин бул аракеттерин кескин сынга алышып, аткаминерлер пахта өндүрүшүндө балдар эмгегин мурдагыдай эле колдонуп жатат деп айыпташты.

Өзбекстан – дүйнөдө көп пахта жыйнаган өлкөлөрдүн бири жана аны экспорттоодон түшкөн киреше өлкөнүн бюджетинин маанилүү бөлүгүн түзөт.

Пахта түшүмүн алуу үчүн тогуз ай кетет, ал эми адатта бул иште балдардын эмгеги колдонулат. Сентябрдан декабрга чейин созулган түшүм жыйноо мезгили дыйкандардан мурда да, мектеп окуучулары жана студенттер үчүн өзгөчө оор. Себеби окуу токтотулуп, алар тегиз пахта жыйноого мажбур. Окуучулар таң аткандан күн батканга чейин пахта жыйнашат. Күнгө какталып, дем албастан иштеген балдар нан, чай жана мөмө-жемиштер менен азыктанышат. Түнүндө чарчаган балдар кепедей болгон үйлөрдө укташат.

Өзбекстандын мыйзамына ылайык, балдарды алардын ден-соолугуна зыян келтирчү оор иштерге тартууга тыюу салынган. Бирок өзбек бийлиги эл аралык коомчулуктун балдардын эмгегин колдонууну токтотуу тууралуу талабына кулак салбай жүрөт. Өткөн жылы Батыштын ири дүкөндөрү, алардын ичинде Tesco, Gap, Marks & Spencer жана Wal-Mart өңдүү соода компаниялары өзбек пахтасы колдонулган кийимдерди сатуудан баш тарткан.

Ушундан улам өзбек өкмөтү 2008-жылдын сентябрында пахта өндүрүшүндө балдардын эмгегин колдонууга тыюу салган буйрук чыгарууга аргасыз болгон.

Өзбек бийлигинин мындай кадамын балдар жана алардын ата-энелери кызуу кубатташкан. Бирок укук коргоочулардын айтымында, иш жүзүндө балдар эмгеги азыр деле колдонулууда.

Өзбекстандык укук коргоочу Карим Бозорбаев буларды айтат:

- Мыйзам жана буйруктар бул жерде аткарылбайт. 2008-жылы пахта жыйноо маалында жергиликтүү акимдердин бири эгерде кимде-ким баласын пахта жыйноого жибербесе, "улуттун душманы" деп аталарын эскерткени тууралуу бизде кабар бар.

Эмне үчүн жумушсуздуктун деңгээли жогору Өзбекстанда пахта жыйноо үчүн балдарды тартышат? 28 миллион калкы бар Өзбекстанда эмгекке жарамдуулардын саны жетишерлик эмеспи! Өзбек дыйкандарынын айтымында, балдар эмгеги өтө арзан турат. Мисалы, балдар бир килограмм пахта үчүн 30 цент, же 14 сом алышат.

Укук коргоочулардын айтымында, бийлик балдардын эмгегин колдонууга бекем тыюу салып, муну абдан катуу көзөмөлдөгөн күндө да, элет жериндеги жакырчылыктын айынан көптөгөн ата-энелер балдарын пахта жыйноого жиберүүнүн жолун баары бир тапмак.

XS
SM
MD
LG