Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:37

Парламент Николя Саркозинин пенсия реформаларын колдоду


Франциянын Улуттук Ассамблеясы президент Саркозинин пенсияны реформалоо планын колдоду. Жаңы мыйзамды парламенттин ылдыйкы палатасынын 336 депутаты колдоп, 233ү каршы добуш берди.

Сенат мыйзам долбоорун 26-октябрда жактырган. Жаңы мыйзам боюнча, француздар 2018-жылдан тартып, пенсияга мурдакы 60 жаштын ордуна 62 жаштан чыгышат. Бул мыйзамга каршы өлкөдө эки жумага жакын ири нааразылык акциялары болду. Андан улам токтоп калган мунай иштетүүчү 12 ишкана кайра иштеп, порт шаар Марселлде таштандылар жыйнала баштаганы кабарланды.

XS
SM
MD
LG