Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:32

Санпа окуясы боюнча сотто дарыгерлер көрсөтмө беришти


Алар айыпталуучулардын бири, мурдагы милиционер Гафуржан Абдукаримовдун психикалык саламаттыгына байланыштуу маалымат беришти. Кызыл-Жар психикалык ооруканасынын дарыгери Бейшеналы Эргешов Гафуржан Абдурахманов учурда депрессия менен ооруп жатканын белгилеп, дарылоодон кийин сотту улантууга болорун эскертти. Жалал-Абат облусундагы "Психиатриялык ден соолук" борборунун врачы Алия Жээнбаева айыпталуучу менен сүйлөшүүдөн кийин гана эксперт катары көрсөтмө бере аларын сотко билдирди.
16-июлда Кызыл-Жар психикалык ооруканасы тарабынан Г. Абдурахмановдун акыл-эси жайында деген бүтүм чыгарылган.

Бүгүн ошондой эле бир катар жабырлануучулар көрсөтмө берип, 13-июнь күнү пахта заводунун жанында топтолгон адамдарда ок атуучу куралдар, таяк-союлдар, мык кагылган таяктар болгондугун, алар жабырлануучуларды уруп-сабап, өлтүрүүдөн тышкары талап-тоношкондугун да айтышты. Санпа окуясы боюнча сот процессинин бүгүнкү жүрүшүнө 120 милиционер көзөмөл кылууда.

13-июнь күнү Бишкек-Ош жолунун боюнда, Сузактагы пахта иштетүүчү “Санпа” заводунун жанында 500-600 чамалуу киши чогулуп, ары-бери өткөн автоунааларга ок чыгарып, кол салышкан. Натыйжада 10 киши өлүп, 2 адам дайынсыз жоголгон, 9 автоунаа өрттөлгөн. Бул иш боюнча 19 киши айыпталууда.(ZKo)

XS
SM
MD
LG