Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:12

Москвадагы участкалык шайлоо комиссиясы БШКга кайрылды


Москва шаарындагы №002 участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү бул добушканадагы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу тууралуу БШКнын чечимине тынчсызданууларын билдиришкен. Кайрылууда аталган шайлоо участогунда кошумча тизмеге киргизилген кыргызстандык жарандардын бардыгы арыздарынын негизинде, өлкө жарандыгын тастыктаган паспорту аркылуу гана добуш берүүгө коё берилгени айтылат. Участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү добуш берүү күнү шайлоочулар бир нече сааттап кезек күтүп, добуш беришкендигин белгилешет. Кайрылуу ээлери ошондой эле Кыргызстандын Башмыйзамы боюнча жалпы жарандык паспорт өлкөдөн тышта жүргөн Кыргызстан жаранынын ар кандай укугуна жана эркиндигине кепилдик болорун айтышып, аталган шайлоо участогунун жыйынтыгын жокко чыгаруу тууралуу чечимин карап чыгуусун БШКдан өтүнүшкөн.

БШК бүгүн чет жакта жайгашкан тогуз шайлоо участогундагы добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылганын маалымдаган. Мурдараак Орусиядагы төрт шайлоо участогундагы добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылган болчу.(ZKo)

XS
SM
MD
LG