Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:21

Өкмөт дыйкандардан буудайды 10-12 сомдон алууга даяр


Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Амангелди Муралиев бүгүнкү жыйында билдирди. Анын айтуусунда, өкмөт дыйкандардан 40 миң тонна буудайды 1 килограммын 10-12 сомдон сатып алууга даяр. Дагы 20 миң тонна буудайды Казакстандан сатып алуу үчүн атайын акча бөлүнгөн, жалпы мамлекеттик материалдык резервге сакталуучу буудайдын өлчөмүн 100 миң тоннага жеткирүү керек. Биринчи вице-премьер-министрдин маалымдаганы боюнча, быйыл күздүк буудай 270 миң гектар жерге айдалууга тийиш.

Мурдагы бийликтин тушунда өкмөт жергиликтүү дыйкандардан буудайдын 1 килограммын 16 сомдон сатып аларын билдирип, кийинчерээк бул ишке ашпай калган болчу.(ZKo)

XS
SM
MD
LG