Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:28

Екатеринбургда кыргыздар БШК чечимине нааразы


Урал федералдык округундагы кыргыз диаспоралардын өкүлдөрү 28-октябрь күнү БШКнын чечимине нааразылыгын билдирип, Екатеринбург шаарындагы КРнын Башкы консулдугунун алдына чыгышты. Алар 10-октябрдагы добуш берүүнүн айрым участоктордогу жыйынтыгын жокко чыгаруу адилетсиздик болгонун белгилеп, өздөрүнүн добушун жана жарандык укугун коргоп берүүнү Башкы консулдан өтүнүштү. Митингге чыккан шайлоочулар добуш берүү күнү каттоосу белгиленбеген чет мамлекетке чыгууга уруксат берүүчү паспорт менен кошумча тизмеге да кийирилбегенин, муну менен кыргызстандык жарандардын укугу бузулганын айтып, нааразылыгын билдиришти. Екатеринбург шаарындагы кыргыз консулу Гүлнур Нарматованын “Азаттыкка” маалымдаганы боюнча Урал федерациясындагы шайлоо комиссияларына шайлоонун алдында БШК атайын кат жиберип, добуш берүүгө кыргызстандык жарандар 1994-жылкы жалпы жана 2004, 2006-жылкы жалпы жарандык паспорт (ID карточка) менен гана кое берүүнү талап кылган. Буга байланыштуу 10-октябрь күнү кыргызстандык мигранттар добуш берүүгө чет өлкөгө чыгууга уруксат берген паспорт менен киргизилген эмес.

Кыргызстандык мигранттардын БШК чечимине нааразылыгы тууралуу Екатеринбургдагы Башкы консулдук Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине маалымдаган.

28-октябрь күнү БШК Кыргызстандан чет жакта жайгашкан тогуз шайлоо участогундагы добуш берүүнүн жыйынтыктарын жокко чыгарганын жарыялаган. Ушундай эле чечимин БШК мурдараак Орусиядагы төрт шайлоо участогуна карата чыгарган болчу. (ZKo)

XS
SM
MD
LG