Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:30

“Мекен шейиттери” шайлоо жыйынтыгын жокко чыгаруу талабын улантты


Аталган кыймылдын мүчөлөрү бул тууралуу бүгүн журналисттерге маалымдап, БШК парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууга тийиш деп белгилешти. Кыймылдын мүчөсү Кымбат Алмазбекова эгер андай болбосо, өлкөдө саясий кырдаал дагы оорлойт деп эсептейт.

“Мекен шейиттери” кыймылы апрель окуясынан кийин түзүлгөн. Алар шайлоодо эң көп добушка ээ болгон “Ата Журт” партиясынын курамында мурдагы “Ак жол” партиясынын мүчөлөрү басымдуулук кылат деп эсептешет. Айрым байкоочулар мурдагы акжолчулар жана бакиевчилер алдыга озуп чыккан партиялардын дээрлик бардыгында бар экенин белгилеп келишүүдө. (ZKo)

XS
SM
MD
LG