Линктер

ишемби, 23-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 06:26

БШК дагы эки участоктун протоколун жокко чыгарды


БШКнын ушул тапта өтүп жаткан жыйынында айтылгандай Өзгөн районундагы №5474, №5065 шайлоо участокторунда добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылды. Буга протоколдор туура эмес толтурулганы, тиешелүү мөөр басылбаганы себеп кылынууда. Мындан тышкары текшерүү учурунда башка партияларга берилген 24 добуш бир партиянын пайдасына саналып кеткен.
Буга чейин БШК тарабынан Кыргызстандан чет жакта жайгашкан 13 шайлоо участогунун добуш берүү жыйынтыктары жокко чыгарылган.(ZKo)
XS
SM
MD
LG