Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:58

Аба ырайы


Синоптиктердин аба ырайы тууралуу берген маалыматтарына ылайык, 31-октябрда түнкүсүн Кыргызстандын айрым жерлеринде жаан жаап, тоолордо кар түшөт. Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл аймагында 10-14 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы Чүй облусунда түнкүсүн 2…7, күндүзү 18…23 даража, Талас өрөөнүндө түнкүсүн 0…5, күндүзү 16…21, Баткен облусунда түнкүсүн 3…8, күндүзү 17…22 даража жылыйт. Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 2…7, күндүзү 17…22, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүзү 10…15, Нарын өрөөнүндө түнкүсүн -1…-6, күндүзү 10…15 даража жылуу болору күтүлүүдө. Тоолордо абанын температурасы түнкүсүн -8…-13 даража болсо, күндүзү -4…+1 даражага чейин жетет.

31-октябрда Бишкек шаарында түнкүсүн жаан жаашы мүмкүн. Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Абанын температурасы түнкүсүн 5…7 градус жылуу болот, күндүз 20…22 градус жылуу болот.

XS
SM
MD
LG